Жамал Сейдакматова: “МЕНИН МААРАКЕМЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЬ ӨТӨТ”

8-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык юбилейи өттү. Актриса жакында II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Юбилей актрисанын туулуп-өскөн жери Ысык-Көлдүн Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылында болду.

– Менин ысык-көлдүк жердештерим бул жолку юбилейимди өз демилгелери менен өткөрүп беришти. Мааракемди Ысык-Көл облусунун администрациясы, райондун акимчилиги уюштурду. Мындай жогорку деңгээлде өтөт деп күткөн эмесмин. 15 чактыдай боз үй тигилип, өздүк майрамыма маданият министри Азамат Жаманкулов, искусство адамдары келишти. Шакирттерим, “Туңгуч” театрынын актёрлору Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов келип колдоп кетишти. 1000дей адам конок болду окшойт. Жолдошум, уул-келиним, кызым, неберелерим баары барышты. Эми Ош шаарында 15 улуттун өкүлдөрү катышкан эл аралык фестиваль өткөрүлөт. Бул “Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына арналган” фестиваль болгондуктан өзүм барып катышам. Республикалык деңгээлде өткөрүлгөнү жатат. Бул нерсенин өзү чоң сый-урмат. Талант сыйлаган элиме рахмат,- дейт кубанган актриса.

«Туңгуч» театрынын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Борбордук Азиянын чыгаан актрисасы Жамал Сейдакматова 1938-жылы 21-сентябрда төрөлгөн.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
nazira...
2019-09-16 11:46:47
Иии Ошто сени килем тошоп тосуп алат аэропорттон эле. Не эле бир нерсе болсо эле Ошсуз откоро албайсынар. Тушкон акчан аз болгон го. Гулсара Ажибекова подружканды да ала кел, Таттыбубу Турсунбаеваны эскресинер экоонор.
-1
mela
2019-09-17 17:58:43
nazira...,атын укканда ошол картина козумо келе берет
+1
Anzhela
2019-09-19 15:43:31
nazira...,Туура айтасыз, кошулам созунузго!) бир нерсе болсо эле Ош деп калышат, анан эле карасан оштуктарга асылып каралап калышат
+2
vikidiki
2019-09-16 13:32:49
Кандай таланттуу болсо да,ушу актрисага ичим жылыбайт да негедир..... (тушунгон киши тушунду). А так кары адамды сыйлаш керек. Кут болсун юбилей. Бар болгула!
+3
katerina.li
2019-09-16 14:22:43
Эл эмес окмот озу откоруп атса керек . Акчаны каяка кетирээрин билишпейт да. Маараке, юбилей деп ээле келе жатабыз отуз жылдан бери
+2
mela
2019-09-17 18:00:50
katerina.li,акимиат,администрация бул Окмот да.Алар оз чонтогунон откормок беле ?!
+1
Jelena09
2019-09-16 20:04:26
Факт менен суйлогуло.Куруу дооматка калтырбагыла атактуу актрисаны.Ким болсо да оз ажалы менен кетет.бул королбастык созунорго эн жаман баа берем.Эжеге бактылуу карылык каалайбыз
+1
mela
2019-09-17 17:57:42
Jelena09, муну кочодогу Эле эл ойлоп тапкан жок. Билгендер айтып,анан бизге жетти да.Турсунбаеванын байкеси кагазга ороп «жанындагылар кылды»-деди Эле го
+2
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан